• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында ак калпакчан 1,5 миң жаштар жөө жүрүш жасашты

Аймак 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 5-март Ак калпак күнүнө карата Ош шаарында "Улуттук кийимдер" жөө жүрүшү өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин башчысы Иззатбек Берхмаматов баштаган 1 500 активдүү жаштар, улуттук кийимчен апалар жана кыз-келиндер катышты.

Жөө жүрүштүн катышуучулары борбордук аянттан тарта, улуттук драма театрга чейин улуттук баалуулуктарды даңазалаган, патриоттук чакырыктар менен басышты.

Салтанаттуу иш-чара С. Ибраимов атындагы улуттук драма театрындагы концерттик программа менен уланды.

Пикир

Оставить комментарий