• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында акыркы 3 күндө коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок

Аймак 0

Бишкек, 11.02.21. /Кабар/. Ош шаарында акыркы 3 күндө коронавирус жуктуруп алган катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Ош шаары боюнча координатору Кыял Ташболотов билдирди.

Анын айтымында, шаарда абал турукташып калды.

"Дүйшөмбү күндөн бери коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок. Шаарда жалпы коронавируска 3 миң 366 адам кабылса, 2 миң 237си пневмония менен ооруган. 11 бейтап жугуштуу оорулар ооруканасында жатат. Анын экөө өтө оор, алтоо оор, үчөө орто абалда", - дейт ал.

Ташболотов Ош шаарында Кавасаки синдрому катталбагандыгын белгиледи.

"Кавасаки оору эмес синдром. Вируска чалдыккан жаш балдардын иммунитети начарлаганда синдром байкалат жана ал жугуштуу эмес", - деди координатор.

Ал эми Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыханов январь, февраль айларында эпидкырдаал турукташып, коронавирус боюнча көрсөткүч төмөнкү көрсөткүчкө жеткенин билдирди.

"Учурда шаарда 95 орундуу жугуштуу оорукана иштеп жатат. Эгерде кырдаал күчөп кете турган болсо, 3 этаптан турган иш план иштелип чыкты. Биринчисинде 100, экинчисинде 400 орундук, дагы көбөйгөн учурда дагы орундуктар кошулат. 2021-жылдын 1-январынан тарта Ошто 84 рейд жүргүзүлүп, анын ичинен 18 мекемеге 44 миң 500 сом өлчөмүндө айып салынды. Калган 66сына эскертүү берилди", - деп айтты Шадыханов.

Пикир

Оставить комментарий