• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ошто акыркы коңгуроо онлайн-форматта өтөт. Майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат

Аймак 0

Бишкек, 20.05.21./Кабар/. Кечээ, 19-майда Ош шаардык мэриясында шаардын вице-мэри баштаган Ош шаардык мэриясынын эпидемияга жана эпизодияга каршы комиссиясынын жыйыны болуп өттү.

Жыйындан жүрүшүндө коронавирус инфекциясын жана пневмонияны алдын алуу боюнча, анын ичинде билим берүү жаатында жүргүзүлүп жаткан иштердин учурдагы абалы талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө 25-май – акыркы коңгуроого карата өткөрүлө турган бардык майрамдык иш-чараларды онлайн-форматта өткөрүү чечими кабыл алынды. Буга байланыштуу 24-майдан 25-июнга чейин шаарда мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн майрамдык салтанаттарды өткөрүүсүнө, бүтүрүүчүлөрдүн жолугушууларына жол бербөө боюнча иш күчөтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий