• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында акыркы коңгуроодо коопсуздук чаралары күчөтүлөт

Аймак 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Ош шаарында акыркы коңгуроодо коопсуздук чаралары күчөтүлөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, күн мурун өткөн айдын жыйынтыгын чыгарган ыкчам кеӊешме болуп өттү.

“Анда апрель айындагы кемчиликтер, жетишкендиктер каралды. Ошону менен бирге эле ИИМдин 2019-жылдын 1-чейрегиндеги ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиянын чечимдери менен өздүк курам тааныштырылды жана кызматтык ишмердүүлүктү, коомдук коопсуздукту сактоону күчөтүү боюнча жаӊы талаптар жеткирилди”, - деп айтылат маалыматта.

Жыйында Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын М. Боронов алдыда келе жаткан май майрамдарына карата жоопкерчиликти күчөтүп, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча атайын иш-чараларды өткөрүүнү тапшырган.

Өзгөчө мектептердеги акыркы коӊгуроо салтанаттарынын учурунда көзөмөлгө алууну күчөтүүнү, бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен кандайдыр бир жол кырсыктарын, жагымсыз окуялардын алдын алууга аракеттерди бүгүндөн баштап баштоону, жергиликтүү билим берүү мекемелери менен биргеликте бул багытта профилактикалык иш чараларалды жүргүзүүнү тапшырды.

“Акыркы коңгуроо күнү милиция кызматкерлери кафе-ресторандар, шаардын жана шаар четиндеги эс алуучу, оюн-зоок жайларын көзөмөлгө алат. Бүтүрүүчүлөрдүн шаар аралап кортеждерде тартипти бузуп жүрүүсүнө жол берилбейт”, - деп кабарлашты ОШ ИИБнин басма сөз кызматынан.

Пикир

Оставить комментарий