• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.19. /Кабар/. Кечээ, 8-август күнү Ош шаарында алты турак үй толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, кечээ саат 17:16да Черемушка кичи районунун Бабур көчөсүнүн №16 турак үйүнөн өрт чыгып, ал Бабур көчөсүндөгү №14, №18 жана Моминов көчөсүндөгү №207/2, №211, №209 барак түрүндөгү турак үйлөргө өтүп 6 үй толугу менен күйүп кеткен. Анын жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн.

Өрт саат 18:22де чектөөгө алынып, саат 20:00дө толук өчүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий