• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында «Алымбек датка» атындагы жаңы заманбап диний окуу жай курулууда

Аймак 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Ош шаарында «Алымбек датка» атындагы жаңы заманбап диний окуу жай курулууда. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык мусулмандар казыятынын чарба курулуш жана мечиттер адиси Номан уулу Муктарбек жеринен кабар алып, курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Имарат 5 кабаттан турат. Аны бардык шарты менен бүткөрүү пландаштырылган. Бүгүнкү күндө имараттын ички бөлүгү жасалууда.

Айта кетсек, «Алымбек датка» атындагы диний окуу жайынын курулуш иштеринин негизги демөөрчүсү «Сулайман-Тоо» фонду болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий