• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында аралаш уруш боюнча Азия биринчилиги болуп өттү

Спорт 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. Ош шаарында А.Сүйүмбаев атындагы стадиондо 20-21 май күндөрү аралаш уруш боюнча (ММА) Азия чемпионаты өттү. Мелдешке Азия жана Кыргызстандын мыкты мушкерлери катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Чемпионаттын ачылышына жана жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземине Президенттин кеңешчиси Икромжан Илмиянов, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, ИИМ башчысынын орун басары Сүйүнбек Өмүрзаков, ЖК депутаты Аалы Карашев, Искендер Матраимов, КРнын ММА федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков, Эл аралык ММА федерациясынын президенти ж.б. катышышты.

Чемпионат эркектер арасында 8 салмак категориясында, ал эми кыз-келиндер арасында 2 салмак категориясы боюнча өттү. Жалпысынан Азия биринчилигине 7 өлкөдөн 60 мушкер катышкан.

Командалык эсепте биринчи орунду Кыргызстан, 2-орунду Казакстан, 3-орунду Кытай өлкөсү ээледи.

Чемпионаттын жеңүүчүлөрүнө ММА боюнча Азия чемпионатынын куру, медаль, сертификаттар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий