• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында Араван каналына эки бала чөгүп кеткен. Бирөөнүн сөөгү табылбы

Кырсык 0

Бишкек, 21.08.20. /Кабар/. Ош шаарында Араван каналына эки жаш бала чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 20-августта Ош шаарынын Туран кичи районундагы Күрөңкеев жана Алыкулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Араван каналына 9 жана 8 жаштагы эки бала чөгүп кеткен.

Бүгүн издөө иш-чараларын улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 22 куткаруучу тартылып, натыйжасында саат 07:30 чамасында 9 жашар баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.

Учурда экинчи баланы издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий