• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында асфальт чыгаруучу завод курулат

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Ош шаарында асфальт чыгаруучу завод курулат . Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Э.Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышуу учурунда журналисттерге билдирди.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, заводду куруу иштери кийинки жылга пландалууда.

“Муниципалдык ишканаларга техникаларды алып берип жатабыз. Быйыл шаардык жолдор башкармалыгына асфальтоочу жаңы техникаларды алып бердик. Бирок каражаттар асфальтка кетип калат экен. Ошондуктан кийинки жылдан өзүбүз асфальт чыгаруучу завод куралы деп чечтик. Бүгүнкү күндө сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы жол куруу ишканасын жандандырып, жумушчулардын да айлык акысын көтөрөлү деп жатабыз. Чынын айтканда, Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Быйыл 10 чакырымга жакын ички жолдорду асфальттайбыз”, - деди шаар мэри.

Пикир

Оставить комментарий