• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында Шакиров көчөсү 20 метрге кеңейтилет

Аймак 0

Ош, 14.03.19 /Кабар/. Ош шаарындагы Аскар Шакиров көчөсү 20 метрге кеңейтилет. Бул маселе Ош шаарынын мэриясынын отурумунда талкууланган.

Талкуунун жүрүшүндө Шакиров көчөсүн Монуев-Масалиев көчөлөрүндөгү аралыгын кеңейтип, жашылдандыруу маселелери каралган. Маселен, ал көчөнүн 2 чакырым 300 метри 20 метрге кеңейтилип, жарыктандыруу орнотулат.

Курулуш иштерине 70 млн. сом бөлүү пландалып, иштер 2019-жылдын август айында аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий