• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында Аскар Шакиров көчөсү пайдаланууга берилди

Аймак 0

Бишкек, 20.12.19. /Кабар/. Кечээ, 19-декабрда Ош шаарындагы Аскар Шакиров атындагы көчө толук реконструкциядан өтүп, пайдаланууга берилди. Жолдун ачылышына премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жана шаар тургундары катышты. Өкмөт башчы жолдорду оңдоо иштерине республикалык бюджеттен, гранттардын жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүрүп жатканын айтып, Ош шаары өз эсебинен жол оңдоп жатканын баса белгиледи.

“Жолдор – бул экономиканын күзгүсү. Алардын абалына жараша калктын жашоо деңгээлине баа берилет”, - деп кошумчалады М. Абылгазиев.

Шаар мэри Таалайбек Сарыбашов жолдорду оңдоого өзгөчө көңүл бурулаарын, 2020-жылы да жолдорду оңдоо планы коюлганын билдирди.

Андан соң жалпы элдин катышуусунда жолдун кызыл тасмасы кесилип, пайдаланууга берилди.

Жолдун узундугу 2,4 км, кеңдиги 20 метрди түзөт. Эки тарабына тротуар курулуп, дарактар отургузулду. Жолду оңдоо алдында жер астындагы коммуналдык түтүктөр алмаштырылып, көчөнүн түнкү жарыктандыруу системасы жакшыртылган. Мындан тышкары, жаңы 11 аялдама курулду. Курулуш иштери жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий