• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында Ата Мекенди коргоочулар күнү белгиленди

Аймак 0

Бишкек, 23.02.22. /Кабар/. Кечээ, 22-февралда Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында 23-февраль – Ата Мекенди коргоочулар күнүнө арналган салтанаттуу концерттик программа болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын мэриясынын, КР президентинин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, КР Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик өздүк курамы, аскер кызматкерлери жана алардын үй-бүлөлөрү катышты.

Иш-чарада бир катар техникалык жабдуулардын жана курал-жарактардын көргөзмөсү өттү. Мындан сырткары аскер кызматкерлеринин Ата Мекендин чек арасын коргоого кошкон салымы баса белгиленип, татыктуу кызмат өтөө шарттарын камсыз кылуу боюнча мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу айтылды.

Ошондой эле мыкты кызматы жана жоокерлердин аскердик-патриоттук духун чыңдоого кошкон салымы үчүн бир катар тийиштүү кызматкерлер Ардак грамоталар жана белектер менен сыйланышты. Иш-чара шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган майрамдык программа менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий