• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берилди

Аймак 0

Бишкек, 11.09.22. /Кабар/. Ош шаарында социалдык жардамдын алкагында “Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларына 100 миң сомдук сертификаттар тапшырылды.

Мэриядан билдиргендей, аны тапшырууга Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, эмгек жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Жаңыл Алыбаева катышып, социалдык жактан аялуу жана муктаж үй-бүлөлөргө мамлекет тарабынан жардам көрсөтүлүп жатканын белгилешти.

Жалпысынан 50 үй-бүлөгө сертификаттар тапшырылды.

Бул долбоор министрлер кабинетинин социалдык келишимдин негизинде жардам көрсөтүү жөнүндө токтому менен ишке ашып жатат.

Мында үй-бүлөлөрдү оор турмуштук кырдаалдан чыгуу үчүн активдүү аракеттерге үндөп, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүсүнө көмөк көрсөтүп, жашоо деңгээлин жогорулатууга түрткү берүүнү көздөйт.

Ошондой эле чакан бизнести өнүктүрүүгө көмөктөшүү менен жаңы жумуш орундарын түзүүгө дем берүү багытын камтыйт.

Долбоор 3 жылга эсептелген, бул мезгилде насыя алган үй-бүлөлөр жеке бизнесин түптөп, жөлөк пулга муктаж үй-бүлө категориясынан чыгышы керек.

Пикир

Оставить комментарий