• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 650 кап ун таркатылды - шаар мэри

Аймак 0

Бишкек, 08.04.20. /Кабар/. Ош шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 650 кап ун таркатылды. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик материалдык резервдер фондунан Ошко 130 тонна ун, башкача айтканда, 2 миң 600 кап ун бөлүнгөн.

"Шаардык мэрияда атайын комиссия түзүлүп, мобилдик топ иштеп жатат. Мамлекет тарабынан берилген ундун ичинен 650 кап аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ал эми 395 кап ун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылды", - дейт ал.

Сарыбашов кошумчалагандай, жакын арада 80 тонна унду шаар жана облустан келген тургундарга берилет.

"Ош шаарында 310 миң калк жашайт жана облустардан келген 300 миңге жакын эл бар. Биз баарына комиссиянын чечими менен жардам берүүгө даярбыз. Ошондой эле күнүмдүк оокат кылган жарандарга да жардам көрсөтүлүүдө", - дейт шаардын мэри.

Белгилей кетсек, 8-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 270ге жетти.

Коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген. Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий