• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Ош шаарында бүгүн-эртең жалпы ишембилик болот

Аймак 0

Бишкек, 24.04.21. /Кабар/. Ош шаарында 24-25-апрель күндөрү жалпы ишембилик болот, - деп кабарлайт мэриянын басма сөз кызматы.

Ош мэриясы баардык мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлерин, жеке ишкерлерди, жогорку жана орто окуу жайлардын эмгек жамааттарын жана студенттерди, ошондой эле шаар тургундарын шаардын тазалыгы жана кооздугу үчүн жалпы ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Белгилей кетсек, санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган үч айлыктын алкагында «Таза короо» сынагы өтүп жатат. Активдүү катышкан аймактарды комиссиялык топ ишембиликтин алккагында текшерип чыгат.

«Таза короо» конкурсунун жыйынтыгын чыгаруунун негизги критерийлери:

- бекитилген жер тилкелерин санитардык талапка ылайык таза кармоо;

- бак-дарактарды эгүү жана аны көгөртүү;

- жол боюндагы, короолордун ичиндеги жана сугат арыктарды тазалоо;

-короолордо жайгашкан ар түрдүү тосмолорду (балдар аянтчалары, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы ж.б.) сырдоо жана оңдоо иштерин жүргүзүү;

-бак-дарактарды кыркып тегиздөө жана актоо;

-көп кабаттуу үйлөрдүн, кварталдарда жайгашкан имараттардын сырткы көрүнүшүн кооздоо, сырдоо, жарнактардын мамлекеттик тилде жазылуусун жана түнкү декоративдик жарыктандыруусун камсыз кылуу;

-көп кабаттуу үйлөрдүн подъездериндеги эшик терезелерин оңдоп-түздө иштерин жүргүзүү.

Мыкты кварталдык комитеттердин жеңүүчүлөрүнө I-орунга 60 миң сом, II-орунга 40 миң, III-орунга 25 миң сом ыйгарылат.

Мындан тышкары, үй башчылары уюштуруу багытын колго алган үчүн сыйланышып, 1-орунга 15 миң, 2-орунга 10 миң, 3-орунга 5 миң сом тапшырылат.

Ошондой эле активдүү катышкандарга Ош шаарынын мэриясы тарабынан белектер жана дипломдор берилет.

Пикир

Оставить комментарий