• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Ош шаарында бүгүн-эртең жалпы ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 16.04.21. /Кабар/. Ош шаарында 16-17-апрель күндөрү жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 15-апрелде Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаевдин катышуусунда жазгы үч айлык боюнча штабдын отуруму болду. Анда санитардык тазалоо жана “Таза короо” кароо-сынагы боюнча эки маселе каралды.

Вице-мэр шаар аймагында жазгы үч айлык толук кандуу жүрбөй жаткандыгын айтып, 16-17-апрель күндөрү менчигинин түрүнө карабай баардык ишканалар (дүкөн, кафе, ресторан, май куюуучу жайлар), мамлекетик жана муниципалдык мекемелер, көп кабаттуу үйлөр, жеке турак-жайлар короолорун тазалап, ирээтке келтирүү талабын койду.

Ошондой эле майдын алгачкы күндөрү “Таза короо” кароо-сынагынын жыйынтыгы чыгат. Ага байланыштуу бүгүндөн баштап штабдын мүчөлөрү шаар аймагын кыдырып, короо жайлардагы тазалыктарды текшере баштайт.

Ош мэриясы жалпы шаардыктарды ишембиликке активдүү катышууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий