• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө карата активдүү жаштар сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 10.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда Бүткүл дүйнөлүк жаштар күнүнө арналган иш-чаралардын алкагында Ош шаардык мэриясы активдүү жаштарды сыйлады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаштарды майрамы менен Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов куттуктап, жаштардын шаардын, облустун, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгилешти.

«Силер Кыргызстандын келечегисиңер жана анын кандай болору биринчи кезекте сиздерден көз каранды. Ар бириңиз өзүңүзгө эң сонун перспективаларды ача аласыз жана сиз татыктуу болгон бийиктиктерге жете аласыз. Биз өз кезегибизде жаштардын бардык долбоорлорун колдоого даярбыз. Ошондой эле жаштардын шаардын жыргалчылыгы үчүн демилгелерин илгерилетүүсүнө көмөктөшөбүз», - деди вице-мэр.

Иш-чаранын жүрүшүндө шаардык жана муниципалдык мекемелердин активдүү жаштары Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Статистика боюнча Ош шаарында 120 миңге жакын жаштар бар.

Пикир

Оставить комментарий