• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында баңги затын мыйзамсыз сактоо жана сатуу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 9-март /Кабар/. 2017-жылдын 6-март кγнγ саат 23:45 чамасында, Ош ОИИБнын Кылмыш иликтѳѳ бѳлγмγ тарабынан өткѳрγлγп жаткан «Алдамчы» жана «Кабель» операцияларынын жγрγшγндѳ баңги затын мыйзамсыз сактоо жана сатуу аныкталды. Бул тууралуу Ош ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, текшерүүнүн жүрүшүндө Ош шаарынын Джим кѳчѳсγндѳ, Алай районунун тургуну 1980-жылы туулган К.Р. шектγγ катары токтотулуп, текшерүү учурунда колундагы скотчко оролгон 5 даана жалпы салмагы 4 кг 838 гр кар-күрөң түстөгү өзгөчө жыты бар зат табылып далил буюм катарып алынып, Ош ОИИБнын химиялык эскпертиза бѳлγмγнѳ жиберилди. Экспертизанын бүтүмү боюнча ал «гашиш» баңгизаты экендиги аныкталган.

Учурда бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш Жаза Кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу–кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий