• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ошто Байсаловдун катышуусунда Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Аймак 0

Бишкек, 20.03.22. /Кабар/. Бүгүн, 20-мартта, Ош шаарынын "Мээрим" сейил багында Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чаралар башталды, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, ага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, вице-мэрлер, Ош шаарынын мэриясынын кызматкерлери, шаардагы бардык мекеме-ишканалардын жетекчилери, активисттер жана жаштар катышты.

Алар майрамдык сүмөлөк даярдоого катышып, Нооруз майрамына карата каалоо-тилектерин айтышты. Салтанат концерттик программа менен коштолду. Бул иш-чаралар Ош Кыргыз-Өзбек университетинин жамааты тарабынан уюштурулууда.

Пикир

Оставить комментарий