• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында бала бакчаларга мониторинг уланууда

Аймак 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Ош шаарында бала бакчалардын ишине мониторинг жүргүзүү улантылып жатат, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, шаар мэриясынын, санэпид көзөмөл кызматынын жана билим берүү бөлүмүнүн адистеринен куралган жумушчу топ бул багытта иш алып барууда. Анын алкагында балдардын тамак-ашынын сапаты, санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышы, жылуулуктун нормалары, балдарды бала бакчага кабыл алууда электрондук кезектин иши текшерилүүдө.

Учурда Жапалак айыл аймагындагы, Туран жана Амир-Тимур муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы бала бакчаларга мониторинг жүргүзүлүп бүттү.

Пикир

Оставить комментарий