• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында балдардын оюн кербени болду

Аймак 0

Бишкек, 21.06.18. /Кабар/. БУУнун балдар фонду, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча катчылыгы, Ош шаарынын мэриясы менен биргеликте Алымбек Датка этнографиялык борборунда “Балдардын оюн кербени” долбоорунун алкагында чоң иш-чара болуп өттү.

Ага Ош шаарында жайгашкан балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, шаардын кичинекей тургундары, жаш активисттер көчмөн элдерине тийиштүү болгон оюндардын 25 түрү боюнча мелдештерге катышып, белектерди утуп алышты.

Иш-чаранын максаты көчмөндөрдүн маданиятын кайрадан калыбына келтирүү үчүн мыкты мүмкүнчүлүк экендигин уюштуруучулар билдирди.

Белгилей кетсек, “Балдардын оюн кербени” долбоору өлкөнүн баардык аймактарында улантылат.

Пикир

Оставить комментарий