• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында балдарга балаты кечеси уюштурулуп жатат

Аймак 0

Бишкек, 29.12.20./Кабар/. Күн мунун, 28-декабрда Ош шаарындагы “Келечек” балдар чыгармачыл борборунда балдар үчүн атайын балаты кечеси башталды.

Ага шаардагы билим берүү уяларынын мыкты окуучулары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектеген балдар, аяр катмарлуу үй-бүлөлөрдүн балдары чакыртылган.
Ош шаарынын вице-мэри Эмиль Шадыханов иш-чарага катышып, балдарды куттуктап белектерин берди.

Айта кетсек, Ош шаары боюнча 500 балага мэриянын атайын белектери тапшырылып, “Келечек” балдар чыгармачыл борбору тарабынан даярдалган, каармандардын катышуусундагы чоң Жаңы жылдык концерт тартууланып жатат.
Балаты кечеси пандемияга байланыштуу топ-топко бөлүнүп, 31-январга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий