• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарында башаламан автоунаа токтотуучу жайдын ордуна гүл отургузулат

Аймак 0

Бишкек, 24.01.22. /Кабар/. Ош шаарынын Бекмамат Осмонов көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иштер шаар мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасына ылайык жүргүзүлүүдө.

Ишти "Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү комбинаты" муниципалдык ишканасы жүргүзүп, учурда жолдун оң тарабына 12 гүл клумбасы орнотулду. Жалпысынан 16 гүл клумбасы коюлат. Мындан тышкары, алардын ортосунда гүл аянтчасы болот.

Жолдун сол тарабына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузуп, гүлдөр эгилип, газон төшөө үчүн даярдыктар башталды. Ошондой эле мында жайгашкан курулуш компанияларынын бири да жашылдандыруу иштерине салым кошот.

Эске салсак, буга чейин мэрдин бул кичи райондун жашоочулары менен болгон жолугушуусунда жогорудагы маселе көтөрүлгөн. Ага ылайык көчөнү көрктөндүрүү менен бирге башаламан унаа токтотуучу жайына бөгөт коюу багытында иш жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий