• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулууда

Аймак 0

Бишкек, 01.04.23. /Кабар/. Ош шаарында бир эле мезгилде 3 бала бакча жана бир нече мектеп курулуп жатат.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар мэри Бакытбек Жетигенов билим берүү объектилеринин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Мэр Ак-Тилек кичи районундагы 100 орундуу бала бакчанын, Жапалак айыл аймагынын Керме-Тоо айылында курулуп жаткан 100 орундуу бала бакчанын, Курманжан-Датка атындагы №31 мектептин кошумча корпусунун жана спорт залынын курулушун көрүп чыкты. Калаа башчысы курулуш иштеринин сапатына жана мөөнөтүнөн кечиктирилбей бүткөрүлүшүнө көңүл бурууга чакырды.

Белгилей кетсек, учурда шаарда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3 бала бакча жана республикалык бюджеттин эсебинен бир нече мектеп курулуп жатат.

Пикир

Оставить комментарий