• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында бир катар ири инфраструктуралык долбоордун курулушу жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаар аймагында ишке ашырылып жаткан бир катар ири курулуш иштери менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаар башчысы алгач Масалиев-Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги үстү жабык жөө адамдар өтүүчү өтмөктү куруу долбоорунун баштапкы иши менен таанышты. Учурда долбоордун курулуш иштери кызуу жүрүүдө.

Андан ары Бакытбек Жетигенов Т. Турсунбаева көчөсүнөн өтүүчү Ош-1 – Ош-2 станциясынын өткөрмө бекетинин имаратын куруу, Т-үлгүсүндөгү (Т-образка) кесилиштен чыгуучу жаңы жолдун долбоорун ишке ашыруу жумуштарынан кабар алды.

Мындан тышкары Каныкей эненин эстелигинин жаңыланышына жана анын айланасындагы оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшүнө күбө болду. Оңдоп түзөө иштеринин алкагында эстеликтин аймагы толугу менен жашылдандырылып, көрктөндүрүлөт.

Ошондой эле Бакытбек Жетигенов Ленин көчөсүндөгү канаттуулар базарынын аймагында тирөөч (тосмо) дубалдын курулушу менен таанышты.

Белгилей кетсек, жумуштар жолдорду оңдоп-түзөөдө коопсуздук ченемдерин сактоо максатында жүргүзүлүп жатат. Бул жумуштар, Мамажан көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин узундугу 1 чакырымды, туурасы 7 метрди түзгөн жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү жана эки тарабына тротуарларды, арыктарды куруу иштери жүргүзүү үчүн жасалып жатат.

Күн соңунда мэр "Ош суу канал" муниципалдык ишканасынын №3-7 насостук станциясында ар биринин жалпы көлөмү 6 миң метр кубду түзгөн төрт суу кампасын куруу иштерин да жеринен көрдү.

Эске салсак, курулуш долбоорлор КР Эгемендүүлүк күнүнө карата бүтүрүү болжолдонууда.

Пикир

Оставить комментарий