• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Ош шаарында бир убакта 8 көчөгө тротуарлар салынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.06.22. /Кабар/. Ош шаарында бир убакта 8 көчөгө тротуарлар салынууда, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Төлөнов, Королев, Аматов, Э.Алиев, Абакир уулу Төрөбек көчөлөрүнө, Анар кичи районундагы ички көчөлөргө тротуар төшөлүп жатат.

Иш Ош шаардык жолдор башкармалыгы тарабынан жасалууда.

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун планына ылайык, бул жылы жалпы 38 көчөгө тротуарларды куруу жана реконструкциялоо пландалууда.

Пикир

Оставить комментарий