• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында бир жума ичинде 20 мас айдоочу кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 14.12.20. /Кабар/. Ош шаарында өткөн жума ичинде Милициянын кайгуул кызматы тарабынан жалпысынан жол эрежелерин бузган 647 айдоочуга протокол түзүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен - 20 мас айдоочу кармалды, 23 автомашина айып короосуна киргизилди. 102 кызматы аркылуу 44 маалымат келип түшүп, кайгуул кызматынын кызматкерлери ал маалыматтар боюнча жарандарга тиешелүү жардам көрсөтүштү.

Ошондой эле Кара-Суу районунун аймагынан уурдалып чыккан ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү унаа кармалып, уурдай качкан жаран жана унаа Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилди. Сууктун күнүндө көчөдө калган 6 жаран атайын ачылган жайга жеткирилди.

Пикир

Оставить комментарий