• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында бир жумада 229 кылмыш катталып, 25 мас айдоочу кармалды

Аймак 0

Бишкек, 08.02.21. /Кабар/. Ош шаарында өткөн жума аралыгында жалпысынан 229 кылмыш катталды. Анын ичинен 157 кылмыштын бети изи сууй электе ачылды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагында автомашиналардын терезелерин талкалап, уурулук жасап жүргөн жаран кармалды. Ал жана анын кылмыштуу шериктери Ош шаарынын 10 аймагынан автомашиналардын терезелерин талкалап уурулук жасашкан.

"Ош шаарында катталган кылмыштардын көпчүлүгү алдамчылык менен уурулук. Тилекке каршы Ош шаарынын аймагында чөнтөк уурулуктары көбөйүп бара жатат. Мындай уурулукка баргандарга бөгөт коюу боюнча тиешелүү иш-аракеттер көрүлүүдө. Учурдан пайдаланып жарандарга коомдук транспортто өз буюмдарыӊыздарга жана телефонуӊуздарга сак болууну эскертип кетебиз", - деп милициядан шаар тургундарына кайрылышты.

Ал эми Милициянын кайгуул кызматы тарабынан өткөн жумада 25 мас айдоочу кармалды. Коомдук тартипти бузган 21 жаран милициянын бөлүмчөлөрүнө, 3 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга, 3 өспүрүм балдар үйүнө жеткирилди.

Жолдо жүрүүнүн эрежелерин бузган (жөө жүргүнчүлөрду кошкондо) 1 589 жаранга протокол түзүлүп, айып пул салынды.

Пикир

Оставить комментарий