• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында бир жумада 41 айдоочу мас абалында кармалды

Аймак 0

Бишкек, 22.02.21. /Кабар/. Ош шаарынын аймагында өткөн жумада 230 кылмыш катталып, анын ичинен 160 кылмыштын бети изи сууй электе ачылды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кылмыштардын ачылуу пайызы 69,5%ды түздү. Калган кылмыштарды ачуу боюнча тиешелүү издөө, иликтөө иш-чаралары улантылууда.

"Негизги басым кылмыштуулуктун алдын алууга багытталып, эл арасында түшүндүрүү иштери уланууда. Милициянын төрт коомдук кабылдамасы график боюнча иш алып барууда. Коомдук кабылдамалар аркылуу жарандардан бул жумадагы келген арыз, даттануу жана сунуштар иргелип, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына таандык маселелер башкармалык тарабынан чечилүүдө. Башка тармакка таандык маселелер боюнча ошол тарапка маалымат иретинде каттар жөнөтүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы боюнча милициянын кайгуул кызматы багыты боюнча:

- Жол эрежесин бузган жарандарга 1 836 протокол түзүлдү;

- 99 автоунаа айып короосуна киргизилди;

- 2 жаран убактылуу баш калкалоочу жайга, 1 өспүрүм балдар борборуна жеткирилди;

- Милициянын кайгуул кызматы тарабынан 5 кылмыш изи сууй электе ачылды;

- 41 айдоочу мас абалында кармалды.

Пикир

Оставить комментарий