• 84.78
  • 99.84
  • 1.17

Ош шаарында бир жуманын ичинде 3 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу аныкталды

Аймак 0

Бишкек, 26.07.21. /Кабар/. Ош шаарында бир жуманын ичинде 3 миңден ашуун жол эрежелерин бузуу аныкталды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош ШИИБнин милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери тарабынан 19-25-июль күндөрү 3 миң 35 жол эрежелерин бузуу аныкталды.

Анын ичинен мас абалында унаа башкарган 27 учур катталган.

- автоунаасынын алдыңкы терезелерин караңгылатып алгандар - 37;
- айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкаруу - 91. «102» кызматы боюнча 80 чалууга чаралар көрүлдү. Андан тышкары, 174 автоунаа айып короосуна токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий