• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында биринчи муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду

Аймак 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Ош шаарында биринчи муниципалдык унаа токтотуучу жай курулду, - деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Манас-Ата" кичи районунда Салиева көчөсүндөгү №40В көп кабаттуу үйдүн жанында 29 унаага ылайыкталган муниципалдык унаа токтоочу жай куруу долбоору ишке ашты.

Ош шаардык мэриясы жана тийиштүү органдар, кызматтар тарабынан атайын жер тилкеси берилип, долбоордук-сметалык документтер даярдалып, бир айдын ичинде үйдүн жашоочулары 29 унаага ылайыкталган жабык муниципалдык унаа токтотуучу жай курушту.

Эске салсак, буга чейин бул жерде темир гараждар болгон, аларды тургундар эски эмерек, отун жана башка нерселердин кампасы катары колдонушкан. Быйыл бул жерде шаардын башка кичи райондорунда муниципалдык унаа токтотуучу жайларды уюштурууга болоорун шаардыктарга көрсөтүү үчүн көрсөтмө семинар өткөрүү пландаштырылууда.

Пикир

Оставить комментарий