• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Ош шаарында биринчи улуттук музей фестивалы өтүп жатат

Маданият 0

Бишкек, 27.03.23. /Кабар/. Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» Улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде биринчи улуттук музей фестивалы өтүп жатат.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, ага облус жана шаарлардагы музей кызматкерлери, өнөктөштөр, Ош шаарындагы маданият мекемелери жана сүрөтчүлөр катышууда.

Фестивалга катышкан маданият министри Алтынбек Максүтов катышуучулардын алдында сүйлөп жатып, аталган фестивалды өткөрүүнүн маанилүлүгүнө токтолуп, министрликтин атынан уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип өттү.

Фестиваль 3 күнгө созулат, анда музей кызматкерлеринин катышуусунда заманбап иш алып баруунун шарттары, тажрыйба алмашуучу бет ачарлар сунушуталып, музей жаатындагы актуалдуу темалар көтөрүлмөкчү.

Иш-чара көргөзмө менен коштолууда.

Пикир

Оставить комментарий