• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында бизнес мектеп ачылат

Аймак 0

Бишкек. 15.04.19 /Кабар/. Ош шаарында 16- апрель күнү бизнес мектеп ачылат. Бул тууралуу "Ынтымак" телеканалына Эрлан Камалов билдирди.

Анын айтымында, бизнес мектепти ачуунун негизги максаты заманбап технологияларды, чет тилдерин, бизнес жана лидерлик көндүмдөрдү жаштарга бат жана сапаттуу үйрөтүү. Аны менен бирге лидерлерди тарбиялап, өлкөгө билимдүү, күчтүү кадрларды даярдап чыгарууга болуп саналат.

"Бул долбоор аймактарды санариптештирүү жылына карата ишке ашырылып жатат. Ал эми мектепти ачууга жалпысынан 9 млн сом акча каражаты бөлүнгөн", – деди ал.

Ал жаштарды бизнеске үйрөтүүчү мектеп Жалал-Абад жана Баткенде да ачылаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий