• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды

Аймак 0

Бишкек, 05.10.22./Кабар/. Бүгүн, 5-октябрда Ош шаарында СССРдин спорт чеберлери, бир туугандар Абдували жана Нургазы Арзиевдердин жаркын элесине арналган бокс боюнча XI эл аралык турнир башталды.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, турнирге Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Иран жана Кыргызстандан 150дөн ашык спортчу катышууда.

Мелдештин ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, КР Жогорку Кеңешинин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Спортчулар 13 салмак категориясы боюнча күч сынашат. Турнирдин жеңүүчүлөрү шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, медалдары жана баалуу белектери менен сыйланышат.

Турнир 9-октябрга чейин созулуп, жеңүүчүлөр спорттун чебери наамын алышат.

Пикир

Оставить комментарий