• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Ош шаарында борбордук көчөлөрдөгү тротуарларды реконструкциялоо боюнча ири иштер башталат

Аймак 0

Бишкек, 21.01.22. /Кабар/. 20-январда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов борбордук көчөлөрдөгү тротуарлардын абалы менен таанышты, - деп билдирет Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, калаа башчысы атайын кызматтардын жана мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Касымбеков, Авиценна, Раззаков, Масалиев, Ленин, Айтиев, Вахапов, Мамыров, Осмонов көчөлөрүн жөө кыдырып, тротуарлардын абалын текшерди.

Кыдыруунун жүрүшүндө Мамбетов тиешелүү кызматтардын жетекчилерине борбордук көчөлөрдөгү тротуарларга өзгөчө көңүл бурууга чакырып, иретке келтирүү иштерин баштоо тапшырмасын берди. Айрыкча Айтиев, Мамыров, Авиценна көчөлөрүндөгү тротуарларга басым жасалды. Мындан сырткары тротуары жок жерлерге жаңы курууну колго алууну тапшырды. Ал эми Раззаков, Масалиев көчөлөрүнүн ички бөлүктөрүнө асфальт төшөө айтылды. Ошондой эле мыйзамсыз соода түйүндөрүн, тепкичтерди алып салуу, жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылына тоскоол болгон жарнак мамычаларын жана башка обьекттерди нормага ылайыктоо талабы коюлду.

Муниципалдык аймактык башкармалыктарга негизги көчөлөрдүн тротуарларындагы иретсиз соода түйүндөрү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү белгиленди. Аны менен катар буга чейинки шаардыктар менен болгон жолугушууда айтылгандарды эске алып жаңы аялдамаларды куруу жана эскилиги жеткен, абалы начарларды оңдоп-түзөөдөн өткөрүү боюнча иш алып барууну кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий