• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында үч күндүк Манас айтуу жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 21.03.21. /Кабар/. Бүгүн, 21-март күнү Ош шаарында уюштурулган үч күн Манас айтуу жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаар тургундары катышып, манасчы Дөөлөт Сыдыковго жакшы тилектерин айтышты.

Ош шаардык мэриясынан билдиришкендей, калаа башчысы Дөөлөт Сыдыковго күч кубат тилеп, ар дайым Манасты даңазалап, кыргыздын улуулугун даңктап жүрө беришине тилектеш экендигин билдирди.

Шаар башчысы Таалайбек Сарыбашов жеке үй-бүлөсүнүн атынан акчалай сыйлык тапшырып, Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы менен сыйлады.

Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун үч күн Манас айтуусун "ОшТВ" ТРКсы түз алып берди.

Пикир

Оставить комментарий