• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында үчүнчү диализ борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек. 26.04.19 /Кабар/. Ош шаарында жаңы диализ борбору ачылды. Бул борбор "Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларында гемодиализ кызматтарын уюштуруу" мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоордун алкагында ачылды.

Бул мекеме Фрезениус Медикал Кэйр (Германия) компаниясы менен өнөктөштүктө ачылган.

Клиника 11 жаңы диализ жабдуулары менен жабдылган. Диализ борборунда 11 квалификациялуу кызматкер иштейт, анын ичинде дарыгерлер, медайымдар жана техникалык жумушчулар бар. Алардын баары кошумча окутуудан жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн.

Белгилей кетсек, бул Кыргыз Республикасындагы үчүнчү диализ борбору болуп саналат.

Биринчи диализдик клиника өз ишин 2018-жылдын октябрында Жалал-Абад шаарында баштаган. Февралда Бишкек шаарында экинчиси ачылган, ал ачылышы пландаштырылган төрт диализ борборунун эң ириси. Быйылкы жылы Бишкек шаарында төртүнчү диализдик клиниканын ачылышы күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий