• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында үчүнчү троллейбус линиясы курулушу мүмкүн

Аймак 0

Бишкек, 24.11.22. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун жетекчисинин кеңешчиси Тилек Батырканов менен биргеликте аталган фонд аркылуу алынган жаңы автобустардын иши менен таанышты.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, анын алкагында калаа башчы №6 маршруттук автобус линиясы менен жүрүп, жүргүнчүлөр менен баарлашты. Ага улай №6, №53 автобус каттаган Жапалак айыл аймагынын тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Шаар мэри жашоочулар менен жолугушууда келерки жылы жүргүнчүлөрдү ташуу жаатында бир катар комплекстүү иш-чаралар пландалып жатканын белгиледи.

“Учурда Ош шаарында 2 троллейбус линиясы иштеп жатат, үчүнчү троллейбус линиясын куруу иштери пландалууда. Кошумчалай кетсек, Ош шаарына заманбап экологиялык транспорт – электробустарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, шаардын борбордук көчөлөрүнө ишке киргизүүнү көздөп жатабыз. Мындан тышкары, жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы жеке кичи автобустарды кыскартуу боюнча пландалган иштердин алкагында келерки жылы дагы 50 автобус алуу пландалууда. Алар шаардын бардык кичи райондоруна каттайт”, - деп баса белгиледи Мамбетов.

Жолугушууда шаар тургундары жаңы автобустар үчүн ыраазычылык билдирип, алардын сапатын жана Ош шаарынын алыскы кичи райондору менен айылдарында колдонууга ыңгайлуу экенин белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий