• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилди

Аймак 0

Бишкек, 26.04.22. /Кабар/. Ош шаарындагы “Чернобыль курмандыктары” эстелигинин алдында Чернобыль АЭСиндеги кырсыктын кесепетинен каза болгондорду жана жабыркагандарды эскерүү митинг-реквиеми өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ага Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, КР президентинин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, шаардык кеңештин депутаты Болот Баетов, Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюунун ардагерлери, курман болгондордун үй-бүлөлөрү жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын алкагында эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, катышуучулар бул трагедияда каза болгондорду эскеришти. Бүгүнкү күндө шаарда Чернобылдагы аварияны жоюуга катышкан 34 адам жашайт.

Эске салсак, 1986-жылдын 25-апрелинен 26-апрелине караган түнү ХХ кылымдын эң ири техногендик апааты – Чернобыль АЭСинин төртүнчү энергоблогунда авария болгон. Жыл сайын 26-апрелде Ош шаарында Чернобыль апаатынын курмандыктары эскерилет.

Чернобыль атомдук электр станциясындагы кырсыкка быйыл 36 жыл толду.

Пикир

Оставить комментарий