• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош шаарында Дүйнөлүк эпостордун эл аралык 7-фестивалы расмий ачылды

Маданият 0

Бишкек, 18.05.23./Кабар/. Кечээ, 17-майда Ош шаарынын борбордук аянтында Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы расмий ачылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, салтанаттуу ачылышка Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, маданият, маалымат, спорт жана жашатр саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, “Түрксой” Эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, шаар жетекчилиги жана расмий келген коноктор, коомдук ишмерлер, чет мамлекеттерден келген коноктор катышты.

Иш-чараны маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев ачып, эпос фестивалынын маанилүүлүгүн жана жетинчи ирет өтүп жаткан эл аралык иш- чаранын кадыры артып, жыл өткөн сайын катышуучу өлкөлөрдүн саны өсүп, ага болгон кызыгуу артылып, Кыргызстан – дүйнөлүк эпостордун башын бириктирген ири аянтчага айланып жатканын белгиледи.

Ал эми мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп жатып, мамлекет эпикалык мурастардын сакталышына өзгөчө маани берип, дүйнөлүк эпостордун эл аралык фестивалын ар дайым колдоп келгендигин жана ал уланаарын баса белгиледи.

Андан соң “Түрксой” Эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев аталган фестивалдын негизделиши, анын ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз уланышына маани берип, аталган долбоордун координатору Дамира Алышбаевага “Түрксой” Эл аралык уюмунун сыйлыгын тапшырды.

Салтанаттуу иш-чара атамекендик жана чет элдик өнөр ээлери катышкан концерттик программа менен коштолуп, “ЭлТР” мамлекеттик телерадиокомпниясы тарабынан түз көрсөтүлдү.

Дүйнөлүк эпостордун VII эл аралык фестивалы 20-майга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий