• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери күчөтүлдү - ӨКМ

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Коронавирус пандемиясынын жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймагы үзгүлтүксүз залалсыздандырылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, кечээ, 2-июнь күнү КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы Сулайман-Тоо, Амир-Темур, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктарда жайгашкан 23 дүкөн, 16 дарыкана, 17 сулуулук салон, 4 курулуш дүкөн, 2 медресе, 3 мечит, 3 автоунаа оңдоочу жай, көп кабаттуу үйлөрдүн подъезддери, балдар ойноочу аянтчалар жана башка эл көп барган коомдук жайлар дезинфекцияланды.

Эскерте кетсек, мындай иш-аракеттер республиканын бардык аймагында уланууда.

Пикир

Оставить комментарий