• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери улантылууда

Аймак 0

Бишкек, 01.07.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймактары дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 30-июнда Ош шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, 32 дүкөн, 67 турак үй, 3 банк, 3 май куюучу жай, 8 аялдама жана ИИМдин Мамлекеттик адистештирилген күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын имараты толугу менен залалсыздандырылды.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий