• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 18.06.20. /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарында залалсыздандыруу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 18-июнда ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгы тарабынан шаардагы Амир-Темир, Манас-Ата, Туран, Достук, Керме-Тоо муниципалдык аймактык башкармалыктарынын Макаренко, Топчубаева, Салиева, Кулатов, Жумабаев көчөлөрүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, балдар аянтчалары, автоунаа токтотуучу жайлар, 62 турак үйлөрдүн дарбазалары, 45 азык-түлүк сатуучу дүкөндөр, 14 дарыкана, 12 навайкана, 11 ашкана, 6 мечит жана башка эл көп барган жерлер толугу менен залалсыздандырылды.

Эскерте кетсек, бул иш-аракеттер республиканын бардык аймагында күн сайын жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий