• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 02.07.20 /Кабар/. Өлкө аймагына коронавирус илдетинин жайылып кетүүсүнүн алдын алуу жана бөгөт коюу максатында Ош шаарынын аймагы дезинфекцияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда шаардын 7 муниципиалдык аймактык башкармалыктарында жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлери, балдар аянтчалары, Тешик-Таш мөмө-жемиш базары, 15 кичи дүкөн, 13 дарыкана, 4 мечит, 1 оорукана, 8 эт сатуучу жай, 12 аялдама, 7 навайкана, 2 устакана, Ата-Түрк эс алуу багы, Ош мамлекеттик телерадиокомпаниясы жана Ички иштер министрлигинин күзөт кызматынын түштүк башкармалыгынын имараты залалсыздандырылды.

Бул иш-аракеттер КР ӨКМ тарабынан республиканын бардык аймактарында улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий