• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Ош шаарында Эгемендүүлүк майрамы гала-концерт менен жыйынтыкталды

Аймак 0

Бишкек, 01.09.21. /Кабар/. 31-август Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына арналган майрамдык иш-чара гала концерт менен жыйынтыкталды. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси Акжол Махмудов, спортчулар жана шаар тургундары катышты.

Калаа башчысы Алмаз Мамбетов кыргызстандыктарды куттуктап, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуу негизги милдет экендигин кошумчалады.

Майрамдык концерт белгилүү ырчылардын, эстрада жылдыздарынын коштоосундагы концерт менен уланып, фейрверк менен жыйынтыкталды.

Пикир

Оставить комментарий