• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы жогорку деңгээлде белгиленип жатат

Аймак 0

Бишкек, 31.08.18. /Кабар/. Бүгүн, 31-августта Ош шаарында Эгемендүүлүктүн 27 жылдыгы жогорку деңгээлде майрамдалып жатат. Салтанаттуу иш-чарага Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, шаардык кеңештин төрагасы Жапарбек Ормонов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, шаар тургундары жана жаштар катышты.

Майрамдык салтанаттын жүрүшүндө Т.Сарыбашов көз карандысыздыктын, тынчтыктын желеги түбөлүктүү желбиресин деген тилегин билдирип, майрамдык иш-чаранын катышуучуларын, жалпы кыргызстандыктарды куттуктады. Эгемендүү мамлекеттин өнүгүшүнө ак ниет эмгек менен салым кошум, достукту, биримдикти туу туталы деп кошумчалады.

Иш-чарада театралдаштырылган оюн зооктор көрсөтүлүп, Кыргыз тарыхында из калтырган чыгаан инсандардын кылган эмгектерин чагылдырган көрүнүштөр көрсөтүлдү. Ошондой эле, патриоттук ырлар ырдалып, бийчилер улуттук бийдин көркүн ачып, 10 миңден ашуун адам күбө болду.

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик көз карандысыздыгынын 27 жылдыгына арналган майрамдык салтанат кечинде кайрадан борбордук аянтта эстрада жылдыздарынын коштоосундагы Гала-концерт менен жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий