• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында эки айдын ичинде 118 кызматына 1700дөн ашуун жаран кайрылган

Аймак 0

Бишкек, 29.06.20. /Кабар/. Ош шаарында 2 айдын ичинде 118 кызматына 1700дөн ашуун жаран кайрылган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, май айынан баштап "бейтап-байланыш-борбору-саламаттык сактоо системасы" өз алдынча дартты аныктоо алгоритминин алкагында, КР Саламаттык сактоо министрлигинин - 118 ыкчам байланыш кызматы ишин баштаган.

Анын алкагында Ош шаарында акыркы эки айдын ичинде 118 түз байланышына 1756 жаран байланышка чыгып, анын 652си COVID-19 илдетине шектүү деп саналган. Шаар тургундары түз байланыш аркылуу тийиштүү адистерден медициналык кеңеш алышкан.

Дарыгер, эпидемиологдор жана лобаранттардан түзүлгөн мобилдик медициналык топ 264 чакырууну кабыл алып, жеринен кеңештерин берип, вирус туурасында маалымат беришкен. 16 бейтап ооруканага жеткирилип, анализ алынып, санитардык-көзмөлдөө борборуна өткөрүлдү.

Баардык маалыматтар ыкчам түрүндө Ош шаары жана Ош облусу боюнча түзүлгөн штабга жана Ош шаары жана Ош облусу боюнча үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна берилип турат.

Ош шаарынын мэриясы шаар тургундарына шек санап жаткан учурда 118 түз байланышына чалып, маалымат алууга чакырат.

Эгерде жугуштуу оорунун белгилери байкалса, анда мобилдик топ бейтаптын үйүнө барып экспресс-скрининг алышат.

Пикир

Оставить комментарий