• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ош шаарында экономикалык ишмердүүлүктөргө жалпы 1 миң 75 патент берилди - Сарыбашов

Аймак 0

Бишкек, 13.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Ош шаарында экономикалык ишмердүүлүктөргө жалпы 1 миң 75 патент берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов брифингде маалымдады.

Анын айтымында, дагы патент алабыз деген такси кызматтары бар.

"1 миң 75тин ичинен такси кызматтарына 912 патент, чач тарачка 14, соода-сатыкка 119 патент берилди", - дейт мэр.

Сарыбашов кошумчалагандай, Ош шаарынын кире беришинде 8 блокпост жана шаар ичинде 20 көчмө пост орнотулган.

"Шаарда каттоосу бар жана иштеген жери боюнча маалымкаты болгон жарандарды гана шаарга киргизип жатабыз. Калган жарандарга уруксат берилбейт", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 11-майдан тарта Бишкек жана Ош шаарларында, Нарын облусунун Ат-Башы районунда жана Жалал-Абад облусундагы Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин киргизилген. Санитардык-карантик посттор эпидемиологиялык кырдаал турукташканга чейин иштей берет. Бир облустан экинчисине өтүү боюнча киргизилген чектөө күчүндө калат, көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстанда 22-мартта кабыл алынган өзгөчө кырдаал режими сакталууда.

Пикир

Оставить комментарий