• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Ош шаарында экстремизм менен терроризмге каршы жөө жүрүш өттү

Аймак 0

Бишкек, 3-май /Кабар/. Бүгүн, 3-майда Ош шаарынын Туран, Амир-Тимур, Достук кичи райондорунда жана шаардын борбордук көчөлөрүндө экстремизм менен терроризмге каршы массалык жөө жүрүш болуп өттү. Ага Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жетектеген мэриянын өкүлдөрү, шаардык кеңештин депутаттары, шаардагы бардык мекеме ишканалардын, казыяттын, жогорку, орто окуу жайлардын кызматкерлери, шаар тургундары жана жаш активисттер катышты.

Жөө жүрүш сегиз чакырымга созулуп, колдоруна лозунгдарды көтөргөн тургундар көчөлөрдү кыдырып, элди бейпил жашоого, достукка үндөп, өнүгүү жолунда бара жаткан мамлекетти гүлдөтүүгө биргеликте кам көрүүгө чакырышты.

Бул акция “Коопсуз ордо” долбоорунун алкагында өтүп, жалпысынан Ош шаары боюнча 10 миң адам катышты.

Пикир

Оставить комментарий