• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Ош шаарында эл аралык йога күнү белгиленет

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Ош шаарында 21-июнда эл аралык йога күнү белгиленет. Бул тууралуу Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун Индиянын Кыргызстандагы элчилигинин экинчи катчысы Раджеш Кумар менен жолугушууда айтылды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 9-июнда өткөн жолугушууда тараптар эл аралык йога күнүн өткөрүү маселесин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Нурбек Кадыров Раджеш Кумарга ыраазычылык билдирип, буга чейин Ош шаарында эл аралык йога күнүн белгилөө салтка айланганын, бул иш-чараны өткөрүүгө Ош шаарынын мэриясы ар тараптуу көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.

Раджеш Кумар Ош шаарынын жана Бишкек шаарынын мэриясы Индия тарап менен көптөн бери өнөктөш болуп келгендигин жана кызматташтык жемиштүү өнүгүп жатканын белгилеп, алдыдагы иш-чараларды өткөрүүдө ийгиликтерди каалады.

Ошондой эле, Ош шаарынын борбордук стадионунда учурда оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканына байланыштуу йога күнүн өткөрүү үчүн альтернативдүү жайларды карап чыгуу сунушталды.

Пикир

Оставить комментарий